BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
Пакистан Кыргызстанга дүйнөлүк соода жолунун эшигин ачабы?
Кыргызстан Пакистандын порттору аркылуу Түштүк Азия рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү көздөйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушуу учурунда айтты.
Путин: Армения бир эле учурда ЕБ менен ЕАЭБге мүчө боло албайт
Армения бир эле учурда Евробиримдике жана ЕАЭБге мүчө боло албайт. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин 1-сентябрда Бишкекте орусиялык журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдиргенин орус басылмалары жазышты. Путин муну эки биримдиктин эрежелери бири-бири менен шайкеш келбей турганы менен түшүндүргөн.
120 саатка созулган чабуул. Орусия жаңы тактикага өттүбү?
Орусия 27-августтан бери беш күн катары менен Киевге тынымсыз реактивдүү дрондор менен чабуул коюп, 1-сентябрга кара��ан түнү дагы ондогон баллистикалык жана канаттуу ракеталар менен сокку урду.
"Жунглинин мыйзамынан баш тарталы". Бишкек саммитинде эмне жөнүндө кеп козголду?
Бишкекте 1-сентябрда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдык мааракелик саммитинде негизги көңүл дүйнөлүк коопсуздукка, көп полярдуу дүйнөнүн калыптанышына бурулду. "ШОС плюс" форматындагы жыйындын өзөгүн БУУнун эл аралык иштердеги борбордук ролун сактоо жана күчөтүү маселеси түздү окшойт. Катышуучулар азыркы дүйнөдөгү саясий жана экономикалык өзгөрүүлөргө байланыштуу БУУнун институттарын, анын ичинде Коопсуздук Кеңешин реформалоо зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эл аралык чечимдерди кабыл алуудагы таасирин кеңейтүү маселеси көтөрүлдү.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Бүйүр кызыткан көз ирмемдер
Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ачылыш аземи 31-августта, Кыргызстандын эгемендик күнүндө Бишкекте өттү. Негизги спорттук мелдештер жана башка этно-маданий иш-чаралар 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө болот.
Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз
Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз
Редактордун тандоосу
Эгемендик: 35 жылда Борбор Азия өлкөлөрү эмнеге жетишти?
35 жыл мурда Советтик Орто Азиянын ордунда беш көз карандысыз мамлекет пайда болгон. Алар азыр Борбор Азия деп аталат. Бир саясий системадан чыккан мамлекеттер эгемен турмушту бир убакта баштаганы менен, басып өткөн жолу, оош-кыйышы бири-биринен айырмаланат. Бири табигый байлыктарына таянды.
"Эч ким токтото албайт": Азербайжандагы күчөгөн куугунтук
Соңку беш жылда Азербайжанда саясий жүйө менен абакта отургандардын саны үч эсе көбөйдү. Бул сандарды Би-Би-Си укук коргоочулардын тизмесинин негизинде эсептеп чыкты. Карабак согушундагы жеңиштен кийин президент Илхам Алиев элдик баатыр деген даңкка бөлөнүп жатат, өлкөнүн ичинде анын эч бир атаандашы жок жана геосаясий кырдаал да анын пайдасына чечилүүдө. Бирок мунун баары репрессиялардын күчөшүнүн себептерин толук түшүндүрө албайт.
Туткунга түшкөн украин тектүү жоокерлер эмне үчүн Орусия тарапта согушканын айтып беришти
Батыш Украинада бийик дубалдардын жана өтө бекем кулпуланган дарбазалардын артында Орусия тарапта согушуп жүрүп, туткунга түшүп калган эркектер кармалган лагерь бар.
Алты президент, үч элдик толкундоо. Эгемендикке 35 жыл
Быйыл 31-августта Кыргызстан эгемендиктин 35 жылдыгын белгилеп жатат. "Легендарлуу" парламент 1990-жылы эгемендик жөнүндө декларация кабыл алган. 1991-жылдын 31-августу Эгемендик күнү катары жарыяланган. Бул убакыт аралыгында өлкө далай жолу мүдүрүлүп, далай жолу бутуна турду. Кээде туура, кээде калпыс чечимдер кабыл алынды. Би-Би-Си артка учкай көз чаптырып, саясатчыларга, коомдук ишмерлерге микрофон сунуп, эгемен өлкөнүн негизги ийгиликтери жана кемчиликтери, алдыдагы чакырыктар жөнүндө пикирин сурады.
Бишкек декларациясына кол коюлду. ШКУ төрагалыгы Пакистанга өттү
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити аягына чыкты. Ага Кыргызстан төрагалык кылды.
"Руханий суверенитет да керек". Эгемендикке 35 жыл
Кыргызстан быйыл эгемендиктин 35 жылдыгын белгилеп жатат. Мааракени утурлай Би-Би-Си Жазуучулар союзунун төрагасы, мурдагы билим берүү министри, Жогорку Кеңештин төрт жолку депутаты Каныбек Иманалиев менен баарлашып, эгемен өлкөнүн оош-кыйыш жолуна көз чаптырды.
"Мадина" базарындагы өрт: мэр окуя болгон жерге барып, соодагерлер менен жолукту
Бишкектеги «Мадина» базарында чыккан өрттөн кийин соодагерлер кырсыктын себептерин тыкыр жана ачык иликтөөнү талап кылууда. Алар өрттөн товарлары жана соода жайлары жабыркаган ишкерлерге жардам көрсөтүлүшүн суранып жатышат.
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.










































